Жаңылыктар / 19.09.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

562

Инвесторго жарыбаган Жогорку Нарын ГЭСинин мындан аркы тагдыры эмне болот? Финансылык абалы күмөн чехиялык компания менен келишим түзүп, өлкөнүн аброюна шек келгени үчүн жана эки айлык убакыт текке кеткенине ким жооп берет?

Кыргызстанда 800 миң жаран шайлоого катыша албай калышы мүмкүн. Каттоо кызматы менен Боршайком жаңы түзүлгөн жарандык кыймылга добуш берүүгө даярдык тууралуу маалымат берди.

Кыргызстанда алгачкы ирет мюзикл жанрындагы тарыхый фильм тартылып жатат. Өткөн кылымда болгон окуяны актёрлор ыр жана бийдин жардамы менен чагылдырышууда.

Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында алгачкы алтын медалды Абдурахман-хаджи Муртазалиев алып келди. Кыргызстандын эсебинде азырынча 3 күмүш жана 4 коло байге бар.