Жаңылыктар / 19.10.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

561

Казакстанды Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупция тынчсыздандырууда. Кошуна өлкө ЕАЭБдин талаптарын аткарууга чакырды. Ал эми биздин Бажы кызматы жооп кайтарууга шашылган жок.

Чек арадан өтүү жөө адамдарга жеңилдегени менен, жүк ташуучу унаалардын көйгөйү чечилген жок. Ишкерлерге 5 күндөн кийин гана так жооп айтылат. Ушунча убакытта эки өлкөнүн өкмөтү жол картасын иштеп чыгышы керек.

Кышка камдануу кыйындады. Көмүрдүн баасы күн сайын көтөрүлүүдө. Казакстандан кара алтын импорттолбой, отун базарында жергиликтүү көмүр гана сатылууда. Бирок анын баасы дагы жогору.

Мумия 500 миң долларга сатылмак беле? Тарыхый экспонаттын таржымалы боюнча мурдагы маданият министри үн катты.