Жаңылыктар / 19.10.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

482

Атамбаевдин айдоочусу жана кеңешчиси Икрамжан Илмияновго айып тагылып, ага издөө жарыяланды. Азырынча айтылуу шопур 150 миң доллар пара алган деп шектелүүдө.

Элчилерди дайындоодо талапкерлердин этикалык-моралдык жагы жана тажрыйбасы каралышы керек! Бир катар дипломаттардын ишине нараазы болгон парламент ушундай талап коюуда.

Өрт өчүрүүчүлөр көп кабаттуу турак-жайларда тутанган жалынды өчүрүүгө даярбы? Кызматкерлердин даярдыгын текшерүү үчүн бийик имараттарда машыгуу болуп өттү.

Унутулуп бара жаткан улуттук музыкалык аспаптар. Салттуу музыканы сактаган Нурланбек Нышанов сурнай, керней, сыбызгы, чыңыроон сыяктуу аспаптарга кайрадан үн киргизүүдө.