Жаңылыктар / 19.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

639

Райым Матраимов жана анын айланасындагы 40 киши. УКМК бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси барларды аныктады. Кармоолор качан башталат?

Бишкек ЖЭБине сапатсыз көмүр ташуу үчүн айрым ишканалар кайсы чиновникке миллиондоп пара берип турган? Жылуулук электр борборунда ири коррупциялык схема аныкталды.

Кайрадан легитимдүүлүк жөнүндө маселе көңүл чордонунда. Сооронбай Жээнбеков жоюп кеткен Коррупцияга каршы кызматы ишин улантууда. Мекеме убагында жабылып калган жана жаңы ачылган чуулгандуу иштерди иликтөөгө киришти.

Алдыда эки чоң шайлоо турат. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына суроолор жаралууда. БШКнын мүчөлөрү отставкага кетиши керекпи?