Жаңылыктар / 19.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

932

Түтүк коюп жаткан эки адамды өлтүро сүзүп кеткен айдоочу мас абалында болгон. Ал арада Кайгуул кызматы коомчулукка кайрылып, ичип алып унаа айдагандарды көргөндөр сөзсүз түрдө 102 кызматына кабарлоосун эскертти.

БШК талапкерлерден документтерди кабыл алууну токтотту. Айрым саясий бирикмелер менен кандидаттар жетишпей калышканы маалым болду. Азыртадан эле добуш сатып алуу аракети башталганы тууралуу 3 арыз түштү.

Балдары курч респиратордук инфекция жугузуп алып ооруканага кайрылган ата-энелердин саны 2 эсеге өстү. Борбордогу бейтапканаларда тумоолоп калган балдарга орун жетпей, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дем алышсыз иштөөгө өтүштү.

Күйүүчү майдын жана айрым социалдык маанилүү товарлардын баасын мамлекет убактылуу тескөөгө алабы? Өкмөт токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ал арада жакынкы күндөрү кумшекерге болгон баа дагы жогорулашы мүмкүн экени айтылууда.