Жаңылыктар / 19.11.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

767

Баткен областынын прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге барды. Бул боюнча бир нече адам сурак берүүдө.

Бишкекти каптаган кара түтүн. Кыргызгидромет борбор калаада аба өтө булганып баратканын айтып, коңгуроо кагууда.

Ош шаарында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кезек күткөндөрдүн саны өсүүдө. Тиешелүү мекеме жетекчилиги буга жаңы киргизилген программа себеп экенин айтууда.

Жүргүнчү ташыган автобустардын эскилиги эбак жеткен. Жаңылары качан келет? Бишкек шаардык мэриясы автобустардын абалын текшерип чыкты.