Жаңылыктар / 19.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1090

Баштык менен ташылган 2 миллиондой долларды кимдер кымырып алган? Таксисттин өлүмүнө байланыштуу делген чуулгандуу видео жарыяланды. Ошондой эле акчанын чыныгы ээси дегендердин сүйлөшүүсүнүн аудиосу чыкты.

Казакстанда аткезчиликке айыпталып 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды. Эми ал эркиндикке чыгабы?

Өлкөдөгү ГЭСтерди реконструкциялоого жана жаңысын курууга 4,5 миллиард доллар зарыл. Бишкекте эл аралык форум өтүп, ага президент катышты.

14 ирет жол эрежесин бузуп 40 миң сом айыпка жыгылган айдоочу. Коомдук унааларга көчөдө артыкчылык берилгенби?