Жаңылыктар / 19.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

804

Кыргызстандын Контитуцияны реформалоо боюнча аракетине Европа Кеңеши реакция жасады. Венеция комиссиясы Жогорку Кеңеш баш мыйзамга өзгөртүү киргизе албайт деген корутундусун берди.

Өлкөдө акча тартыш, бирок президенттик шайлоону өткөрүүгө каражат табылат. Шайлоо кампаниясын жетектеген вице-премьер Максат Мамытканов өнөктүккө жарым миллиард сом каралганын билдирди.

Кыргызстан малды сыртка сатууга тыюу салды. Буга кошуна өлкөлөргө мурдагыга салыштырмалуу бодо мал он эсе көп сатылып жатканы себеп болгон. Эми эт арзандайбы?

Пандемиянын кесепетин тарткан жапайы жаныбарлар. Бишкек шаарындагы айбанаттардын реабилитациялык борбору жардамга муктаж. Экзотикалык жандыктар ачка калып, үшүй башташты.