Жаңылыктар / 19.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1271

Үгүт иштерине катышкан кезектеги аткаминер. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын пайдасына үгүт иштерин жүргүзгөнү аныкталды. Ишти УКМК тергеп жатат.

Жем-чөп кымбаттап, бодо мал арзандай баштады. Ошол эле убакта эттин баасы жогору бойдон кармалып турат.

Лимит сакталбаса электр энергиясын берүүдө дагы чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. «Улуттук энергохолдинг» ишканасы керектөө лимити 530 миллион кВт/сааттан ашып кеткенин эскертти.

Акыры ачылды! 5 жылдан бери оңдоп-түзөөгө деп жабылып турган Улуттук тарых музейи салтанаттуу түрдө ачылды. Анда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө атайын пресс-тур да уюштурулду.