Жаңылыктар / 19.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1195

60 миллион сом талап кылынган ишти кароо башталды. 3 медиага каршы жазылган доо арыз боюнча соттук отурумду видеого тартууга тыюу салынды.

Алмазбек Атамбаев УКМКнын кызматкери Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шектелип жатат. Маркумдун энеси күнөөлүүлөрдүн баарын жазалоону талап кылууда.

Россиянын Оренбург шаарында жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын жакындары мамлекеттик органдарга нааразы. Алар маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүүдө өкмөт тараптан жардам болбогонун айтышууда.

Бишкекте Ак-Өргө конушунун квартал башчысын Камаз басып калып, каза тапты. 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгына күнөөлүүлөрдү аныктоо уланууда.