Жаңылыктар / 20.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

875

Кой-Таш окуясы боюнча биринчи соттук жараян аяктай электе экинчиси башталмай болду. Офицер Үсөн Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева экс-депутат Равшан Жээнбековду сотко берүүгө белсенүүдө.

Боршайком менен партиялар ортосунда талашка түшкөн 80 миллион сом. Депутаттар күрөөгө коюлган акчасын кайтарыш үчүн мыйзам долбоорун жазышты.

Коронавирустан каза болгондордун саны расмий маалыматтан 3 эсе көп болгон. Мекемелер аралык комиссия ишин жыйынтыктап, үрөй учурган фактыларды ачыктады.

Мээримдүүлүктүн текчеси. Аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн дүкөндөрдө «Жардам бере алсаң — бер, муктаж болсоң — ал» аттуу акция жүрүп жатат.