Жаңылыктар / 20.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1484

Казакстанда оор абалда табылган 46-жаштагы кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков, тез жардам унаасы менен Бишкекке жеткирилип, ооруканага жаткырылды. Акыйкатчы институту аны Стамбул протоколунун негизинде медициналык кароодон өткөрүү керектигин билдирди.

УКМК ар бир аткаминердин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын дипломдорун жана жарандыгын текшерет. Тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров берди. Жараян 3 айга созулат.

Жогорку Кеңеште талаш жараткан кезектеги кызыктай сунуштар. Анда бир мандаттуу округдан келген эл өкүлдөрү фракциядан чыгып кеткен учурда мандатынан ажыратуу демилгеси көтөрүлүүдө.

Кыштын чилдесинде кара жерди сугарган дыйкандар. Айыл чарба министрлиги быйыл да кургакчылык болорун айтып, алдын-ала коңгуроо кагууда. Адистер дыйкандарга кышкы сугатты азыртадан баштоону сунуш кылгандыктан, фермерлер кетмен көтөрүп талаага чыгышты.