Жаңылыктар / 20.02.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

445

Кыргызстанда кандай контрабандалык схемалар бар жана алар менен күрөш жүрүп жатабы? Бул суроолорго Финансы полициясынын жетекчиси Замирбек Осмонов жооп берди.

Саламаттыкты сактоо министри менен өкмөттүк гезит эмне үчүн соттошкону жатат? Бир тарабы муну түшүнбөстүк катары бааласа, арыз жазган тарап аброюна шек келгенин айтууда.

Мунай зат ташыган автоцистерналардын кесепетинен табият жапа чегүүдө. Жыл башынан бери эле бензин ташыган 9 машина кырсыкка кабылды.

Сасык тумоодон сак болгула! Дарыгерлер өлкөдө курч респиратордук вирус жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатканын айтышууда.