Жаңылыктар / 20.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

551

Мамлекетке 800 миллион сомдук зыян келтирген кылмыштуу топтун бети ачылды! Салык жана бажы кызматтарындагы жетекчилер менен ишкерлер ортосунда турукташып калган коррупциялык байланыш аныкталды.

Баңгизаттын ири көлөмдөгү партиясын ташыгандар колго түшүрүлдү. Ага улай, милициянын подполковниги 20 килограмм кара куурай менен кармалды.

Россиянын Рязань шаарында тигүү цехинде кулчулукта жүргөн 13 кыргызстандык куткарылды. Аларды жергиликтүү ишкерлерге өз мекендеши эле сатып жиберген.

Айдоочу, унааңды каттатууга жетишип кал! 2-апрелден тарта транспорт каражаттарын каттоого 3 айлык жеңилдик берилет.