Жаңылыктар / 20.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

799

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны алтыга жетти. Сузактан кийин, Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Муфтият тарабынан жума намазга чогулууга тыюу салынганы менен, Бишкектеги кээ бир мечиттер буга баш ийген жок. Жүздөн ашуун адам топтолгон учурлар катталды.

Эпидемиологиялык абал кооптуу болуп жатканда Жогорку Кеңеш өкмөттүн былтыр жасалган иштери боюнча отчетун угууну туура көрдү. Парламент эки күндөн бери министрлер кабинетин кармоо менен алек.

Доллардын курсу бир аз төмөндөдү. Улуттук банктын төрагасы АКШ валютасына карата сом бекемделе турганын айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.