Жаңылыктар / 20.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

856

Жаңы өкмөттүн курамы 10 жаңы жүз менен толукталды. Парламент кезексиз жыйында Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган министрлер кабинетин жана «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын жактырды.

Сапар Исаков саясий билдирүүсү үчүн мыйзам алдында жооп береби? Мурдагы өкмөт башчынын парламентти өлүккө айланды деп айыптаганы депутаттарды нааразы кылды.

Жалган ардагер болуп жүргөн генералдарга карата кылмыш иши козголду. Аскер прокуратурасы ооган согушунун катышуучусу деп жасалма документтер менен пособие жана жеңилдик алып жүргөндөрдү ашкерелей баштады.

Сагындырган “Санжыра” кайрадан ободо. Угармандардын сүйүктүү радиосунда ачык эшик уюштурулду. Алты айлык тыныгуудан кийин эмгек жамаат жаңы дем, жаңы күч менен ишке киришти.