Жаңылыктар​ / 20.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

884

«Тергөө менен кызматташуу» беренеси тергөөчүлөрдүн ишинин сапатын төмөндөтүүдө. Өлкөнүн башкы прокурору мыйзамдагы бул түшүнүктү жоюуну сунуштады.

Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү кымбат саткандарга айып пулдун өлчөмү көбөйтүлөт. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги штрафты 13 миң сомдон 28 миңге көтөрүүнү пландоодо.

Шайлоого карата 2 бөлмөлүү батирге 252 адамды «батырып» жибергендер. «Tандоо Инфо» порталына Токмок шаарынын тургундары кайрылып, акыркы шайлоодо калаага 3 миңден ашуун шайлоочу мыйзамсыз катталгандыгын билдиришти.

Унутта калып бараткан улуттук баш кийим. Бишкекте шөкүлө көргөзмөсү ачылды. Анда бул улуттук баш кийимдин жаңыртып жасалган версиялары да коюлган.