Жаңылыктар / 20.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2090

Кыргызстан менен Азербайжан эми стратегиялык өнөктөш. Президент Садыр Жапаровдун Баку шаарына жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы менен 8 документке кол коюлду.

Эми кыргыз-казак чек ара бекеттеринде суткалап кезек күткөн унаалар болбой калабы? Эки өлкөнүн өкмөтү товар ташуудагы кыйынчылыктарды жоюуга багытталган протоколго кол койду.

Оң рулдуу унаа айдагандар такси кызматында иштей албай калышы мүмкүн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бул идеясына айдоочулар каршы чыгышууда.

Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы башталды. 45тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышкан иш-чара быйыл 18-жолу өткөрүлүп, 25-апрелге чейин уланат.