Жаңылыктар / 20.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1320

Чет элдик инвестордон ири өлчөмдө пара талап кылган аткаминер кармалды. 35 жаштагы министр тиешелүү кызматка отурганына эки апта эле болгон.

«Кумтөр Голд компани» ишканасынын 3 жетекчисине карата кылмыш иши козголду. Ошол эле убакта компаниянын чет мамлекеттерде жайгашкан ири банктардагы эсептери тоңдурулганы белгилүү болду.

Чек ара аймактарында жашаган айрым жарандарга курал-жарак берүүнү демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул кадам тургундарга ээн-эркин курал берүү дегенди түшүндүрбөйт. Талаптар бир топ катуу.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Нур спорттук шайман сатып алууга өз күчү менен каражат топтоп жатат. Ал секелектин басып кетүүсү үчүн өтө зарыл.