Жаңылыктар / 20.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

788

27-майда Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга президенттердин баары эле салттуу режимде катышпай калды. Ага Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев келсе, калганы онлайн режимде билдирүү жасашат.

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн 3 мүчөсүнө айып такты. Аларга «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген кине коюлууда.

Өлкөдө инсулин препараты калбай калганына байланыштуу кант диабетине чалдыккандарга ооруну убактылуу басаңдатуучу дарылар берилүүдө. Көптөгөн бейтаптарды зарыктырып жаткан дары-дармектер качан ташыла баштайт?

Ош шаарында милиционер 1500 доллар талап кылып, пара алып жаткан жеринен колго түшсө, Бишкекте өзүн прокурор катары тааныштырып, коркутуп акча алган адам кармалды.