Жаңылыктар / 20.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

494

«Кумтөр» боюнча Кыргызстандын кызыкчылыктары жетиштүү корголобу? Өкмөт кенди иштеткен «Центерра Голд» компаниясы таңуулаган жаңы келишимди кабыл алууга шашылбай жатат.

Эми салык төлөөдөн качкан ишкерлер келтирген чыгымды толугу менен төлөп гана тим болбой, кылмыш жоопкерчилигине дагы тартылабы? Парламент кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

Ошто криминалдык милициянын жетекчисин, анын кол алдында иштеген кызматкери сабап, ага карата кылмыш иши козголду.

Америкалыктар багып алган кыргызстандык балдардын саны 81ге жетти. Ата-энелер менен асыранды бөбөктөр Америка-Кыргызстан теле-көпүрөсү аркылуу байланышка чыгышты.