Жаңылыктар / 20.09.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

480

Кыргызстандын расмий делегацияларын ташыган учакты тез арада жаңылоо керек! ТУ-154 самолетунун эскилиги жетип, мамлекеттик деңгээлде кооптонуу жаралып жатат, дешет депутаттар.

Бизнес-омбудсмен кандай кызмат аткарат? Ишкерлер жаңы түзүлө турган институтка бийлик өкүлдөрүнө таасир бере тургандай укуктарды ыйгаруу керектигин белгилешет.

Унаа салыгын убагында төлөбөгөн айдоочуларга карата рейд уланууда. Темир тулпар ээлери салык төлөгөнү тууралуу дүмүрчөктү көрсөтпөсө да айып пулга жыгылышы мүмкүн.

Кыргыздын улуттук оюнун даңазалаган, спортко арналган алгачкы кыргыз тасмасы.  «Көк-бөрү» көркөм тасмасы өлкөнүн баардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.