Жаңылыктар / 20.10.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

547

Кыргызстан Казакстандан материалдык жардам албайт. ЕАЭБдин алкагында бөлүнүүчү 100 миллион доллардан баш тартуу боюнча токтом долбоору даярдалды.

Чек арада көзөмөл күчөгөнү жеңил өнөр жай тармагы аксай баштады. Тигүү цехтери чет өлкөдөгү кардарларынан айрылып, айрымдары ишканаларын жабууда. Кийим тиккен кыз-келиндер жумушсуз калуу коркунучу туулду.

Коомдук кеңеш Ош бажысындагы коррупциялык схемаларды ашкереледи. Бир жүк ташуучу унаадан эле 20 миң сомго чейин мыйзамсыз төлөм алынат. Ал эми посттогу камералардын көбү иштетилбейт.

Көп жылдан бери көтөрүлүп келген демилге ишке ашты. Бишкекте СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги коюлду. Колодон жасалган айкел Россияда даярдалды.