Жаңылыктар / 20.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

834

Эки жылдан бери эл оозунан түшпөй келген Райым Матраимов кармалды. Анын колуна кишен салынып жаткан сүрөт тараса дагы, коомчулукта күмөн ойлор жаралууда. Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар 40 кишиге да кол жетеби?
Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Ушундай эле чектөө депутат Кубанычбек Жумалиевге да коюлду. Финансы полициясы чуулгандуу иштерди иликтөөгө киришти.
Өлкө капчыгына келтирилген 25 миллион сомдук зыян. «Тез жардам» унааларын кымбат сатып алуудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратат. Ооруканаларда орундар азайып, убактылуу стационалар иш алып барууда.