Жаңылыктар / 20.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

957

Мамлекеттик чек ара кызматынын бир катар жетекчилери коррупция иштерине шектелип кармалды. Алар чек арадан ары-бери каттаган жарандардан жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнап турушкан.

Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон депутаттар Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт үчүн колдонуп кетиши мүмкүнбү? Эл өкүлдөрүнүн 1 айга аймактарга чыгып иштөө боюнча токтому кызуу талаш-тартышты жаратты.

Соцтармактарда айрым жогорку окуу жайларды студенттерди Ковид-19 инфекциясына каршы вакцина алууга мажбурлап жатканы тууралуу маалыматтар айтылууда. Буга бир топ ата-энелер нааразы.

Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү ташуунун маданияттуу жолун тапты. Ага ылайык, маршруткалардын айдоочулары театрларга барып, өкмөттүк иш-чараларга катышышат. Бул шаар башкармалыгынын сунуштарынын чети гана.