Жаңылыктар / 20.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1364

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешме түзүлүп, алар биринчи жыйынын өткөрдү. Кеңешменин курамына 90дой киши кирди. Мүчөлөр олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизе алабы?

Ички иштер министрлиги айрым депутаттарга куугунтук жасай баштадыбы? Тиешелүү мекеме Жогорку Кеңештин 4 депутатынын суракка чакырылуусу боюнча билдирүү таратты.

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп, илдеттен каза тапкандардын саны өсө баштады. Акыркы бир суткада алты бейтап вирустан кайтыш болсо, ооруканада жаткандардын 98 пайызынын абалы оор деп бааланууда.

Октябрь айындагы элдик толкундоолор маалында жаракат алган айрым тургундар жардам сурап кайрылышууда. Биринин көзү көрбөй калса, экинчисинин бутуна желим ок тийгендиктен иштей албай калган.