Жаңылыктар / 20.12.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

610

Кечээ сот аткаруучулар НТС телеканалынын камакка алынган мүлкүн тизмелеп, каттоого алышты. Буга карабастан, телекомпания өзүнүн ишин кадимки тартипте улантууда. Белгилей кетсек, НТСтин жамааты телеканалдын айланасында болуп жаткан окуя боюнча Сот департаментинен келген сот аткаруучу менен сүйлөшүү жүргүздү. Сот аткаруучу НТС телеканалынын ишмердүүлүгү токтотулбай турганын жана мында мүлктү каттап, сот иштери аяктаганга чейин аны жоопкерчиликтүү тарапка өткөрүп берүү аракети гана болгонун айтууда.