Жаңылыктар / 21.01.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1111

Уюшкан кылмыштуу топ милицияны коркутууда. Каралар баш көтөрдүбү? Криминалдык дүйнөнүн мүчөсүн кармаган тартип сакчысынын өмүрү коркунучта. Анын адвокаты жардам сурап кайрылды.

Журналист Турсунбек Бейшенбеков убактылуу кармоочу жайда бир күн отуруп, үй камагына чыгарылды. Ал «вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу жалган маалымат тараткан» деп шектелип жатат.

Эки медиа Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланыштуу иликтөө боюнча төгүндөө жасабайт. Доогер тарап журналисттер бул кадамга барса элдешүүгө даяр экенин билдиришкен.

86 жаш курагында дүйнө салган манасчы жана акын Сапарбек Касмамбетов акыркы сапарга узатылды. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.