Жаңылыктар / 21.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1111

Атомдук электр станция куруу оңой-олтоң иш эмес. Акыркы чечим коомчулук менен кеңири кеңешилгенден кийин гана кабыл алынат. Энергетика министрлиги “РосАтом” корпорациясы менен чакан атомдук электр станциясын куруу тууралуу меморандумга кол коюлганы боюнча түшүндүрмө берди.

Депутаттык мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматова Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган чечимине каршы сотко кайрылбай турганын билдирди. 3 күндөн кийин мандат башка талапкерге берилиши күтүлүүдө.

Нарын дарыясынын суусунун оңу бузулуп, адам саламаттыгына кооптуу бактериялар табылса, Чүйдө балыктардын массалык кырылуусунан улам келтирилген материалык чыгым 1,5 миллион сомду түздү. Адистер бул көрүнүштөрдү түшүндүрүүгө аракет жасашууда.

Бишкек шаарындагы тарыхый-маданий объектилердин катарына кирген биринчи мэр Илья Тереньтевдин үйү оңдоп-түзөөдөн кийин улуттук музыкалык аспаптардын борборуна айланышы мүмкүн. Маданият министрлиги тамтыгы чыккан жайды реконструкциялоого киришти.