Жаңылыктар / 21.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1442

Бишкектин вице-мэри Азат Узаков бюджеттик каражатты уурдоого шектелип 2 айга камакка алынды. Аткаминер аралашкан делген коррупциялык схеманын кесепетинен айыл балдары бир нече жылдан бери мектеп азабын тартып келишкен.

Чүйдө 2 окуучуну сүзүп, авария болгон жерден качып кеткен Тойота Ленд Крузер машинасынын айдоочусу кармалды. Унаанын алдында калган кыздын бири комадан чыга элек.

Алымкадыр Бейшеналиевдин кадамдарына эми Билим берүү министрлиги каршы чыгууда. Аталган мекеме жеке медициналык окуу жайлардын лицензиясын артка чакыртып алууну колдобойт.

БШК 27-февралда кайра шайлоо өткөрүлө турган Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарына бюллетендерди жөнөттү. Эки аймак үчүн 215 миңден ашуун добуш берүү кагазы даярдалган.