Жаңылыктар​ / 21.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

795

Мурдагы финансы полициясынын экс-төрагасы Бакир Таиров коррупцияга күнөөлүү деп табылса, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып жаткан Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатынан ажырады.

Статистика былтыркы «каргашалуу июлдун» көрсөткүчтөрүнө жакындоодо. Өлкөдө коронавирус боюнча эпидкырдаал курчуду.

Уу коргошунга уулангандар көбөйүп, базарларда акониттин тамырын сатып алгандар арбыдыбы?

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова “Ала-Арча” көрүстөнүнө жерге берилди. Маркум кечээ 79 жаш курагында коронавирус оорусунан көз жумган.