Жаңылыктар / 21.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2239

Жогорку Кеңешке келгендерден жогорку билим талап кылынбашы керек. Эл өкүлдөрү мыйзамдан бул ченемди алып салууну сунуштоодо. Бул кызуу талкууну жаратты.

12 жеке менчик медициналык колледж жабылат. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин дагы бир буйругу жаңжал жаратты. Окуу жайлардын ээлери Билим берүү министрлигине кайрылышты.

Күмөндүү жайларга рейддер уланууда. Дарыгерлер косметологиялык борборлорго баш багып, төбө чачты тик тургузган көрүнүштөргө күбө болушту.

Быйыл ажылык сапарга баруу кымбаттады. 4,5 миң доллар талап кылынат. Ошондой эле, 65 жаштан ойдогулорго ажылыкка барууга болбойт.