Жаңылыктар / 21.05.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1274

Бажы кызматынын мурдагы төрагасына кылмыш иши козголду! «Коррупция» беренеси боюнча айыпталган Кубанычбек Кулматов кайрадан УКМКга суракка чакырылды.

Саясий негизде козголгон кылмыш иштери жана соттук өкүмдөр кайрадан каралып чыгышы зарыл! Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайларга сот көңүл бурушу керек, дешет депутаттар.

Ош областындагы селдин натыйжасындагы материалдык зыяндын өлчөмү эсептелүүдө. Ошондой эле, суу каптаган ар бир үй канчалык жабыр тартканы аныкталып жатат.

Дарыгерлер гигиена талаптарын сактоого чакырып жатышат! Аба-ырайы жылып, жашылча-жемиштердин көбөйүшү менен ичеги-карын инфекциясына чалдыккандар көбөйүүдө.