Жаңылыктар / 21.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

873

Иштегенине эки апта болгон экс-министр чет өлкөлүк компаниядан 2 миллион 600 миң сом талап кылганбы? Мурдагы санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев 20-июлга чейин камакта калтырылды.

Муфтияттын тегерегинде кайрадан тынч эмес. Башкармалыктын башчысын шайлоого утурлай акциялар башталды. Пикетке чыккандар Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисин эл тандасын деген талабын айтышты.

Наркотрафик күч алдыбы? Европа өлкөлөрүнө бараткан ири көлөмдөгү баңгизатты Кыргызстан менен Россиянын күч түзүмдөрү колго түшүрүштү. Апта башында эле Ошто жарым тоннага жакын героин кармалган болчу.

13-14-кылымдарда «христиандардын кыштагы» деп аталып калган Тарсакент кыштагынан калган тарыхый эстеликтер. Кара-Жыгач орто мектебинде жайгашкан музей кайрадан эшигин ачты.