Жаңылыктар / 21.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

485

Өлкөнүн ар кайсы аймактарында кайрадан сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаанчыл аба ырайы бешинчи күнгө чейин созулуп, сел жүрүү коркунучу сакталарын эскертүүдө.

Улуттук коопсуздук комитети эми Жогорку Кеңештин көзөмөлүнө алынабы? Депутаттар УКМК саясий курал болбошу үчүн атайын парламенттик комитет түзүүнү сунуштап жатышат.

Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин керектөөчүлөрдүн чыгымы 1 миллион сомдон ашты. Шаар тургундарынан түшкөн арыз-даттануулар атайын комиссиянын кароосунда жатат.

Бөбөктөрдү дары-дармексиз айыктыруу ыкмасы. Кыргызстанда биринчи жолу кинезитерапиия бөлмөсү Бишкектеги №3 балдар ооруканасында ачылды.