Жаңылыктар / 21.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1658

Өмүрбек Бабановго басым жасабай, Кумтөр иши боюнча күнөөсүз экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керек! Мамлекеттик, коомдук ишмерлер, интеллигенция өкүлдөрү жана депутаттар экс-премьер-министрди бошотууну суранышууда.

Аскердик жана кызматтык милдетти аткарууда эрдик кылып, каармандыгын көрсөткөндөр. Президент Садыр Жапаров бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал начар бойдон калууда. Ордо калаада күндүз гана иштей турган 4 стационар даярдалды. Бирок бейтаптарды кабыл алуу баштала элек.

Бишкек, Токмок жана Ош шаардык кеңештерге кайра шайлоого үгүт иштери башталды. Ордо калаа боюнча 18 партия өнөктүккө катышат. Канча кандидат мыйзам бузганы үчүн каттоого алынган жок?