Жаңылыктар / 21.09.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

529

Административдик ресурс колдонуу күч алды. Буга чейин айыл өкмөт башчылары, мугалимдер мыйзамды бузуп келсе, эми бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө вице-премьер-министр өзү баш болуп киришти.

Биометрикалык маалыматты тапшыруунун тартиби өзгөрдүбү? Шайлоочулардын тизмесине кирүүнү каалаган жарандарда тынчсыздануулар пайда болду.

Улутташтырылган мүлктөрдүн бир жылда 100 миллион сомго арзандаганынын артында жеке кызыкчылыктар барбы? Экономисттер кымбат райондо жайгашкан VIP коттедждер текейге сатылганын айтышууда.

Азия оюндарында Кыргызстандын куржунуна 26 байге чогулду. Бирок медалдык эсепте биздин өлкө мурдагыдай эле 12-орунда турат.