Жаңылыктар / 21.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

690

Аравандагы мушташтан кийин 6 киши ооруканада жатса, 10дон ашык адам сурак берүүдө. Окуя президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун онлайн кеңешмесинде да сөз болду.

Форма — 2 документин пайдалануу менен айрым партиялар жарандардын добушун массалык түрдө сатып алуу аракетин көрүп жатышабы? Шайлоого аттанган 12 саясий бирикме УКМК менен Боршайкомго кайрылды.

Акыркы 2 аптада эле өлкөнүн базарларында эт 100 сомго кымбаттап кетти. Касапчылардын айтымында, буга бодо мал жана эттин кошуна өлкөлөргө аткезчилик жолу менен ташылып жатканы себеп болууда.

Россия Кыргызстан менен аба каттамын жандантып, билеттер сатыла баштады. Ал арада билет бир тарапты көздөй эле 70 миң сомдон сатылып жатканы белгилүү болду.