Жаңылыктар / 21.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1125

Келе жаткан парламенттик шайлоодо 100 миңге жакын кыргызстандык добуш бере албай калабы? Шайлоочу паспортунда көрсөтүлгөн расмий дареги боюнча гана добуш бериши керек деген норма кайра талкуу жаратууда.

Өлкө базарларында курулуш материалдары 2 эсеге кымбаттады. Өзгөчө чет өлкөлөрдөн ташылып келген тактайлар менен цемент, темирдин баасы асман чапчып жатат. Бул көрүнүш дагы кайсы тармактарга таасирин тийгизе баштайт?

2 жылдан бери айлыгын ала албай жүргөн жол куруучулар. Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунда иштеген жумушчулар эмгек акыны төлөп берүү талабы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине келишти.

Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Бул жаатта министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыкканы маалым болду.