Жаңылыктар / 21.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

643

Коррупциялык жол менен байлык топтогондорго 30 күн убакыт. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялады.

2 миллиард сом Матраимовдун схемасы келтирген зыяндын чети гана болушу мүмкүн. Эсептөөлөр уланууда. Ал арада коомчулук Райым Матраимовдун абакка киргизилбегенине нааразы.

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан чечим кабыл алышты. Ал арада парламентте шайлоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү талаш тартыштарды жаратты.

«Таза кадрлардын келишин талап кылабыз»! Бишкек мэринин биринчи орун басары болуп дайындалган Нариман Тулеевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган нааразычылык акциясы ызы-чуулар менен коштолду.