Жаңылыктар / 21.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1046

Жакында бензиндин баасы дагы 10 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассоциациясы өлкөдө май куюучу жайлар жабылып жатканын айтып тынчсызданууда. Адистер болсо канткенде кырдаалды кыйындатпай сактап калууга болот деген суроого жооп издешүүдө.

Көмүрдү өкмөт бекиткен баадан кымбат саткандарга карата чаралар көрүлө баштайт. Ал арада мамлекет койгон талапка баш ийгиси келбеген ортомчу-соодагерлер кампаларын жаап алган учурлар көбөйүүдө.

Кайсы бир партиянын же талапкердин пайдасына тартылып иштеген мамлекеттик кызматкерлер “Ишенимди жоготуу” беренеси менен жумуштан айдалып, кийин кайра аткаруу бийлигине келе албайт. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кенешме болуп өтүп, катуу эскертүүлөр берилди.

Чек ара кызматына 40 даана зооттолгон аскердик күжүрмөн техника тапшырылды. Биринчи жолу ушунча сандагы жаңы аскердик техника бюджеттик каражатка сатып алынды.