Жаңылыктар / 21.12.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

563

20 жылга кесилип, эл аралык издөөдө жүргөн адамдын доо арызын канааттандырган судьянын жоопкерчилигин кароо керек. Парламентте НТС телеканалынын айланасындагы кырдаал тууралуу маселе көтөрүлдү.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюму НТС боюнча кырдаалды өз көзөмөлүнө алды. Демократиялуу делген коомдо маалымат булагынын ишмердүүлүгүнө бут тосуу болбошу керек.

Кайрадан кадрдык өзгөрүү! Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан кетсе, Толкунбек Абдыгуловду кайрадан Улуттук Банкка жөнөтүп жатышат.

Бишкектин үстүн каптаган түтүндүн катмары эмнеден улам калыңдай баштады? Дарыгерлердин айтымында, мунун кесепетинен жүрөк, кан-тамыр илдеттери көбөйүшү мүмкүн.