Жаңылыктар / 21.12.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

561

Кыргыз парламентине — 80 жыл! Бул мааракеге карата «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Банк уячаларына байланыштуу жашыруун каттын ачыкка чыгышы иликтенет. Финансылык чалгындоо кызматы жаңжалдуу документ боюнча түшүндүрмө берди.

Чагымчыл жана жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ички иштер министрлиги эскертүү таратты.

Ордолуу Ош шаары 2019-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Мындай макамга татыктуу болуу үчүн түштүк борбордун бийлиги кандай даярдык көрүүдө?