Жаңылыктар / 21.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1152

Экс-президент Аскар Акаевге Кумтөр ишине байланыштуу жаңы айып тагылды. УКМК мурдагы мамлекет башчыга козголгон кылмыш иши токтотулду деген маалыматты четке какты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасы үчүн кол топтоо башталды. Ага каршы чыккан ак халатчандар эмнеге нааразы?

Күйүүчү май сакталган кампа күйүп, өрт жанындагы үйлөргө да жайылды. Бул жерде бир жыл ичинде экинчи жолу кырсык катталууда. Кампанын ишмердүүлүгү мыйзамдуубу?

Бишкекте сүт тартыштыгы жаралды. Балдар ооруканалары бир айдан бери азык менен камсыздалбай калды. Сүт палатасынын жетекчиси бул көйгөйдүн башталышы гана дейт.