Жаңылыктар / 22.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

516

Чычкан суусуна күйүүчү май ташыган унаа кулап, бир адам каза тапты. Кырсык тонналаган балыктын кырылуусуна да себеп болууда.

Баңгизаттары сатылууда деген маалымат боюнча Бишкектеги түнкү клубдардын биринде тартип сакчылары атайын операция өткөрүштү. Натыйжада 50дөй адам кармалып, бешөөнөн маңзаттары табылган.

Жарандык активисттер жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловду сотко бергени жатышат. Айтымдарында, жетекчи алардын укуктарын бузуп жатыптыр.

«Дүйнө эли — Чыңгыз Айтматовду окуйт»! Залкар жазуучунун чыгармаларын даңазалоо максатында өтүп жаткан флешмобго дүйнөнүн ар тарабынан катышкандар арбын.