Жаңылыктар / 22.01.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1133

Милиционерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «өлүм» менен коркутканы тууралуу маалымат өзгөчө көзөмөлгө алынды. Ички иштер министрлиги териштирүүнү баштады.

Бишкекте бейтап тарабынан экинчи дарыгерге кол көтөрүлдү. Эки тарап тең бири-бирин айыптап жатат. Дарыгер кол көтөрдү десе, жаш эне педиатр ооруп жаткан баласын карабай койгонун билдирүүдө.

Акча бергендер чек арадан өтүп, бере албагандар кезек күтүп жатабы? Кыргыз-казак чегинде көзөмөл-өткөрүү пунктунда турган айрым айдоочулар кошуна тараптын салыкчыларына даттанышууда.

Кыргызстан Кытайда тарап жаткан белгисиз вируска каршы туруу боюнча аракеттерди баштады. Чек арада санитардык көзөмөл күчөтүлүп, аэропортто санитардык-карантиндик пункт иштеп жатат.