Жаңылыктар​ / 22.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

941

Тажикстанда камакка алынган Баткендин 5 тургунун алып келүү аракети көрүлүүдө. Аларга «чек араны мыйзамсыз кесип өткөн» деген кине коюлуп жатыптыр. Жакындары митингге чыгышты.

Эпидкырдаалдын дагы курчуп кетүү коркунучу жаралууда. Өкмөт бейтапканаларда кошумча орундарды даярдап, тиешелүү министрликке чукул план иштеп чыгуу тапшырмасын койду.

Кагазда башка иш жүзүндө башка жумуш. Чет өлкөгө акча табам деп кетип кыйынчылыкка кабылган мигранттар жардам сурап кайрылышууда. Алар эмгек келишиминде көрсөтүлгөн шарттар теңирден тескери чыкканын айтышууда.

Бишкекте шаардык кеңештин айрым депутаттары жол кирени кымбаттатуу аракетин көрө башташтыбы? Бул жаатта 3 демилгелүү топтон сунуш түшкөнү белгилүү болду.