Жаңылыктар​ / 22.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1104

Өлкөдө коронавирустун «британ» штаммы катталды. Жаңы типтеги вирустун мутацияланган түрүн Россиядагы лаборатория аныктап берген. Ал арада тиешелүү министрлик өлкөдө дагы 3 штамм бар экенин билдирди.

Кыргызстанга Россиянын коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы алынып келди. Өлкөнүн башкы дарыгери анын ар бир дозасы 10 долларга айланганын айтты.

Электр кубатына болгон тарифтерди өзгөртүүгө багытталган токтом долбоору августка чейин коомдук талкууда болот. Ал арада энергетиктерге жер-жерлерди кыдырып, жеңилдик берилиши керек болгон үй-бүлөлөрдү тактап чыгуу тапшырмасы берилгени белгилүү болду.

Өмүрү өрнөк инсан. Эртең СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыевдин туулган күнү. Бишкекте белгилүү опера ырчыга арналган 4-эл аралык опера искусствосунун фестивалы ачылды.