Жаңылыктар / 22.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1449

Турак-жай алам деген үмүтү таш капкан S-Line кооперативинин мүчөлөрү ири суммадагы акчаларын кайтара албай убара. Жетекчиси Бакыт Алиев 24-майга чейин №1-тергөө абагына киргизилди.

Бишкекте 5 жылга ижарага алынган жерлерге имараттарды салып-сатып жибергенге кимдер жол берген? Ордо калаадагы мыйзамсыз курулуштарды иликтеген депутаттык комиссия өз ишин баштады.

Митингге чыккандарды кармаган милиционерлер жазаланабы? Тартип сактоо органдары менен жарандык коомдун өкүлдөрү тынч жыйындарга чогулууга салынган тыйюу боюнча талкуу өткөрүштү.

Өлкөдө 4 трассадан өткөндөр акы төлөйт. Чүй областындагы айлампа жол дагы бул тизмеге киргизилгени турат. Аны оңдоо үчүн азыр инвестор изделүүдө.