Жаңылыктар / 22.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

588

Өлкөнүн тышкы карызынан кутулуу үчүн атайын эсепке миллиондогон акча которууга дагы ким даяр? Буга чейин 1 миллион сом котором деген депутат Камчыбек Жолдошбаев эми 10 миллион берүүгө даяр экенин айтууда.

Сотторго кысым көрсөтүп, буйрук берген, деп айтылып жүргөн Манас Арабаев боюнча прокуратура текшерүү баштады. Арыз-даттануулардын негизинде кылмыш иши козголушу мүмкүнбү?

Айыккыс дартка кабылган балдарын бирге багып жаткан энелер. Уулдары церебралдык шал оорусуна чалдыккан эки жалгыз бой эне жардамга муктаж.

Биздин эсибизде! Бишкектин Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган 1,5 миң шам чырак күйгүздү.